Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кант шаарындагы “Белая Река” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, дыйкан-фермерлерден сүт сатып алуудагы баанын наркы боюнча маселеге токтолду.
Ал өз сөзүндө сүттүн майлуулугуна жараша министрлик тарабынан баанын наркынын атайын сеткасы түзүлгөнүн, аны сүттү кайра иштетүүчү ишканалар милдеттүү түрдө илип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте эл кабардар болгондой шарт түзүш керектигин баса белгиледи.
“Белая Река” ишканасы чийки сүттү жана даяр сүт азыктарын даярдоо, кайра иштетүү, экспорттоо менен алектенет.
Бүгүнкү күндө ишкана сүт өнөр жайынын алдыңкы компанияларынын катарына кирет.
Ишканада – биокефирдин түрлөрү, быштак, йогурт, айран, сүт, сүзмө, чалап сыяктуу сүт азыктарынын жогорку сапаттагы бир нече түрлөрү чыгарылат.
Заводдо 140 адам эмгектенет. Орточо суткасына завод 60 тонна сүттү кайра иштетет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
