Төрага Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын кеңешинин жыйынына катышты - ИА Караван Инфо
Төрага Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын кеңешинин жыйынына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 21-ноябрда Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында уюштурулган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүм билдирет. 

Жыйында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн алакаларын арттырууга байланышкан чечимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз болуп, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер талкууланды.

Муну менен катар Улуу Жеңиш майрамын белгилөөгө арналган иш пландар боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Андан тышкары жыйында Кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралып, аталган кызматка Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко шайланды.

Төрага 22-ноябрда КМШ ПААнын 57-пленардык жыйынына да катышып, баяндама жасары күтүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: