Түркия Кыргызстандын $62,3 млн өлчөмүндө тышкы карызын кечти - ИА Караван Инфо
Түркия Кыргызстандын $62,3 млн өлчөмүндө тышкы карызын кечти

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстандын Түркия алдындагы тышкы карызынын кечилгенин билдирди.

«Кыргызстандын Түркия алдындагы тышкы карызын кечүү чечимин кабыл алгандыгы үчүн президент Эрдоганга ыраазычылык билдирем», – деди Садыр Жапаров.

Ошентип, Түркия Республикасы Кыргызстанга болгон $62,3 млн тышкы карызын жашыл экономика долбоорлоруна алмаштыруу жолу менен кечти. Мурдараак Германия дагы $14 млн тышкы карызын жашыл демилгелерди ишке ашыруу максатында кечкен.

2024-жылдын июль айынын аягында Кыргызстан мамлекетинин Түркия өкмөтүнө болгон карызы $62,35 млн түзгөн.

Эске сала кетсек, Түркиянын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: