Таэквондо ГТФ боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү - ИА Караван Инфо
Таэквондо ГТФ боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү

Бишкектеги”Газпром” спорттук комплексинде 21-23-декабрь күнү таэквондо ГТФ боюнча өспүрүмдөр, жаштар, жана чоңдор арасында VIII Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 600дөн ашык спортчу катышкан.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

Жеңүүчүлөр 2025-жылы Бириккен Араб Эмиратында өтө турган Дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/