Таласта “Мекен” аталышындагы балдар бакчасы ачылды - ИА Караван Инфо
Таласта “Мекен” аталышындагы балдар бакчасы ачылды

Талас облусунун Талас шаарында бүгүн, 12-ноябрда “Мекен” аталышындагы балдар бакчасы салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. 

Мектепке чейинки билим берүү уясы 150 орунга эсептелген. 

КР УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан жаш муунга керектүү шарттарды түзүү аркылуу алардын келечегине бекем пайдубал тургузууга боло тургандыгын белгиледи.

Андыктан КР УКМКда бул багыттагы иш-аракеттер да жолго коюлуп, кызматкерлердин балдары үчүн атайын бала бакчалар салынып, пайдаланууга берилип жаткандыгы айтылды.

Төрага УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын жалпы аянты 25 сотых, ал эми имаратынын аянты 700 чарчы метрди түзөт.

Курулуш иштери 2024-жылдын май айында башталып, ноябрь айында толук бүткөрүлдү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: