ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 10-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Талибандын маалымат жана маданият министринин орун басары Абдулрахман Тайиби Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) башкы катчысынын орун басары Халил Ибрагим Акор менен болгон жолугушуусунда Ооганстандын тарыхый эстеликтерин биргелешип калыбына келтирүүгө, ооган адистеринин квалификациясын жогорулатууга жана ооган маданиятын жана искусствосун эл аралык деңгээлде жайылтууга чакырды.

Министрликтин маалыматы боюнча, Тайиби Ооганстандын маданий мурасы өлкөнүн чек аралары менен гана чектелбестен, ислам цивилизациясынын маанилүү бөлүгү экенин билдирди.
Ошондой эле, жолугушууда тарыхый жайларды сактоо жана калыбына келтирүү, аларды санариптик каттоо жана документтештирүү, адистерди даярдоо жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
"Талибандын" билдирүүсүнө ылайык, ИКУнун өкүлү уюмдун Ооганстан менен маданий мурасты сактоо жаатында кызматташууну улантууга даяр экенин ырастады.
Сүрөт: Tolo News
