ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 1-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын Атомдук энергия башкармалыгынын ичиндеги булактардын маалыматы боюнча, Талибан бийлиги коопсуздук чараларын жана агенттиктин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү бир топ күчөттү.

Кабарларга караганда, дирекция Кабулдагы жаңы имаратка көчүрүлүп, анын түзүмүндө "Чакыруу жана багыттоо" (Даават ва Иршад) деп аталган өзүнчө диний бөлүм түзүлгөн.
Булактар агенттиктин уюштуруу түзүмүнө "Химиялык технологиялар жана радиоактивдүү материалдар", "Ядролук колдонмолор" сыяктуу бөлүмдөр жана "Дрондор жана ядролук куралдарды өндүрүү" деп аталган бөлүм кирет деп ырасташат.
Алардын айтымында, бөлүмдө 400гө жакын адам иштейт жана кызматкерлер катуу коопсуздук текшерүүлөрүнөн жана тынымсыз көзөмөлдөн өтүп турушат.
Талибан тарабынан киргизилген жаңы эрежелерге ылайык, жумуштан алынган же кызматынан четтетилген кызматкерлер атайын окутуудан өткөн чыгымдарын мамлекетке кайтарып берүүгө милдеттүү.
Айрым булактар агенттиктин каржылоосун түздөн-түз Талибандын жогорку лидери камсыздайт, ал эми техникалык башкаруу көбүнчө ооган адистеринин колунда экенин ырасташат.
Акыркы айларда талиптер радиоактивдүү материалдарды изилдөөгө жана баалоого кызыгуусун арттырганы кабарланган, бирок бул иштин конкреттүү чоо-жайы белгисиз бойдон калууда.
Ошол эле учурда, Атомдук энергия боюнча башкармалыктын мурдагы кызматкерлери Ооганстанда ядролук куралды иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон инфраструктуранын жана технологиялык базанын бар экендигине эч кандай далил жок экенин баса белгилешет.
Алардын эсептөөлөрү боюнча, мындай потенциал республиканын тушунда да, азыркы шарттарда да болгон эмес.
Маалымат: Ооганстан 1957-жылы МАГАТЭнин (Эл аралык атомдук энергия агенттиги) мүчөсү болуп, ошондон бери агенттиктин медицина, айыл чарба жана илимий изилдөөлөр тармактарында ядролук технологияларды тынчтык максатында колдонуу программаларына катышып келет.
Сүрөт: ANEA (Ооганстандын Ядролук Энергия Агенттиги)
