ООГАНСТАН, 2026-жылдын 8-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын Тоо-кен жана мунай министрлиги министр Хидаятулла Бадринин Түркмөнстандын элчиси Хожа Овезов менен ТАПИ долбоорунун жүрүшүн талкуулоо үчүн жолукканын билдирди.

Агенттиктин маалыматы боюнча, түркмөн дипломаты ооган тарапка долбоордун жүрүп жаткан иштери жана акыркы жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, аны ишке ашыруу план боюнча жүрүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Ооганстанда куурдун 102 кми төшөлгөн, калган иштер белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт.
Элчи ошондой эле долбоор боюнча мурда макулдашылган бардык милдеттенмелер аткарыла турганын баса белгиледи. Өз кезегинде, тоо-кен жана мунай министри Ооганстандын ТАПИ долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон юридикалык жана административдик жардам көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Сүрөт: Ariana News
