Тармактык комитетте 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет алынды - ИА Караван Инфо
Тармактык комитетте 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет алынды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында бүгүн, 8-октябрда Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету угулуп, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев Кыргызстандагы микро- жана макроэкономикалык кырдаалга токтолду. 

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу, аймактар арасында каржы каражаттарын бөлүштүрүү маселелерине, ошону менен бирге Эсептөө палатасынын аудитине көңүл бурду. Ал эми эл өкүлү Дастанбек Жумабеков республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн түзүү, социалдык тармакты каржылоо жана аймактар арасында финансылык каражаттарды бөлүштүрүү маселелерин тактады. Муну менен катар депутат Талас облусундагы социалдык обьектилерди куруу маселелерине токтолду.

Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору жөнүндө үчүнчү окууда колдоо тапты.