Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Агроөнөр жай тармагында жигердүү ишмердүүлүк жүргүзгөн 11 ассоциациялардын жетекчилери менен колдоо көрсөтүү багытындагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Мындай агроөнөр жай тармагындагы кызматташуу боюнча меморандумга Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет кол коюлуп жатат. Ал келишимдер өлкөдөгү азык-түлүк системаларын жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталган биргелешкен иш-аракеттерди баштоого шарт түзөт.
Меморандумдун негизинде агроөнөр жай комплексине мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт жана айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсүнө арналган азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттер көрүлөт.
Меморандумга төмөндөгү ассоциациялар кол коюшту:
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
