“Таш-Көмүр” ГЭСтеринин каскадында темир, бетон чыгаруучу цех ишке кирди - ИА Караван Инфо
“Таш-Көмүр” ГЭСтеринин каскадында темир, бетон чыгаруучу цех ишке кирди

“Электр станциялар” ААКсына караштуу Шамалды-Сай шаарындагы “Таш-Көмүр” ГЭСтеринин каскадында темир, бетон цехи ачылды. Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Министр буга чейин иштебей, токтоп калган цехтин кайрадан жаңыланып, ишке киргени энергетиктер үчүн кубанаарлык иш экенин баса белгилеп, жумушчулардын мындан аркы ишине ийгилик каалады.

Ачылган цехтин 1 сааттагы өндүрүмдүүлүгү 60м3,ал эми бир күндө 1440 м3ду түзөт. Бул ишкана үчүн өтө жогорку өндүрүмдүүлүк. Цех бетон буюмдарын, бетон мамыларын, плиталарды,регилдерди жана түрдүү бетон иштерине керектүү каражаттарды чыгарат .

Аталган цехти кайрадан жаңылап куруу иштери 2024-жылдын сентябрь айында башталып, октябрб айында ишке берилди.

Цехти куруу иштерин “Электр станциялар” ААК компаниясы каржылап, ишке ашырды.

Учурда жыйырма адамды жумуш орду менен камсыздап, чыгарылган өндүрүш “Электр станциялар” ААКка караштуу ГЭСтердин оңдоп-түзөө иштерине жана ар түрдүү курулуш тармактарда колдонулат.

Эске салсак бул цех 1956-жылдан тартып, 2020-жылга чейин иштеп келген. Чыккан өндүрүмдөр “Токтогул” ГЭСи жана “Үч-Коргон” ГЭСинин курулушунда колдонулган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: