Ташиев Баткендин жаңы жетекчисин облус активине тааныштырды
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Айбек Шаменов бүгүн облус активине тааныштырылды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Жаңы жетекчини УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тааныштырып, кызмат орду менен куттуктап, жооптуу иштерине ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Айбек Шаменов буга чейин КРнын УКМКнын төрагасынын орун басары, Антитеррордук борборунун директору кызматын аркалап турган.
Садыр Жапаров кол койгон башка Жарлыкка ылайык, буга чейинки президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев КР УКМК төрагасынын биринчи орун басары – КР УКМК Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
