Кыргызстандын тоолуу аймактарында 7ден ашык балалуу болгондорго 1 млн сомдон өйдө акча берилет. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарындагы бала бакчанын ачылышында билдирди.
УКМК төрагасы келиндерди көбүрөөк төрөп, Кыргызстандын элинин санын көбөйтүүгө чакырды.
“Мындан ары төртүнчү баласын төрөгөн келиндерге сүйүнчү катары 100 миң сом, бешинчини төрөгөндөргө 600 миң сом, жетинчисин төрөгөндөргө 1 млн, 8-9 балалуу болгондорго 1,5 млн сомдон, 10 балалуу болгон келиндерге 2 млн сомдон берели деп жатабыз. Бул акча эркектерге эмес, балдардын энелерине берилет. Кээ бир келиндер “төрөйлү десек балдарды бага албай калып атабыз” деп атпайбы. Ошондуктан көп төрөгөн келиндерге ушундай колдоо көрсөтөбүз. Мындай акча бийик тоолуу, деңиз деңгээлинен 1000 метр бийик жайгашкан аймактардагы кыз-келиндерге берилет. Буга Нарын облусунун бардык аймактары кирет экен”, — деген УКМК төрагасы Нарынга болгон иш сапарында.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
