Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин курулушуна капсула салды - ИА Караван Инфо
Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин курулушуна капсула салды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин курулушуна капсула салды.

Учурда эски имараттардын баары бузулуп, 3 кабаттуу, 100 балага ылайыкташкан бардык шарттар менен камсыздалган имараттар курулуп башталды.

Мекемеде көркөм сүрөткө кызыккан балдар жана кыздар облус аймагынан келип, жатып билим алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: