Ташовдун кыйноолор боюнча билдирүүсү катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө - ИА Караван Инфо
Ташовдун кыйноолор боюнча билдирүүсү катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө

“KG Групп” курулуш компаниясынын мурдагы директору Имамидин Ташовдун ага карата УКМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан психологиялык басым, физикалык күч колдонулуп, башка мыйзамсыз аракеттер жасалганы тууралуу билдирүүсү Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. 

Мындан тышкары, бул фактылар боюнча КР УКМКнын өзүнүн коопсуздук кызматы тарабынан дагы кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: