11-ноябрда Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында өткөн кезексиз биргелешкен араб-ислам саммитине катышты.
Эмомали Рахмон белгилегендей, учурда саммит өткөрүү Палестина менен Ливандагы учурдагы кырдаалды талкуулоо үчүн өз убагында жана маанилүү кадам болуп саналат. «Куралдуу кагылышуулардын күчөшү жана алардын кеңейүү тенденциясы, ошондой эле аймактагы гуманитардык кризистин курчушу бизди терең тынчсыздандырууда», – деди ал.

Ал Газа тилкесинде куралдуу кагылышуулар башталгандан бери бир жыл өткөнүнө карабастан, тараптардын жарашуусуна жетишүү аракеттеринин баары ийгиликсиз болгонун баса белгиледи.
«Биз дагы бир жолу бардык тараптарды пикир келишпестиктерди эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, атап айтканда Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына негизделген сүйлөшүүлөр жана дипломатиялык аракеттер аркылуу гана чечүүгө чакырабыз», – деп белгиледи Тажикстандын президенти.
Президент ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун координациялоочу ролун күчөтүүнү жана башка абройлуу эл аралык уюмдардын, анын ичинде Ислам Кызматташтык Уюмунун аймактагы кырдаалды турукташтыруу боюнча аракеттерин колдоону жактады.
Ал аймактагы жана дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү Жакынкы Чыгышта узакка созулган чыр-чатакка жол бербөө үчүн кыйла натыйжалуу чараларды көрүү аркылуу тилектештикти, ишенимди жана жаратмандыкты көрсөтүүгө чакырды.
Соңунда мамлекет башчысы Тажикстандын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында тынчтыкты орнотууга жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган “Келечек муундар үчүн тынчтыкты чыңдоо он жылдыгын” жарыялоо боюнча атайын резолюция кабыл алуу сунушун эске салды. Тажикстандын президенти саммиттин жыйынтыгы Палестина маселесин чечүүгө жана аймактагы кырдаалды турукташтырууга карай маанилүү кадам болуп кызмат кылат деген ишенимин билдирди.
Сүрөт: Тажикстан Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы
