Тажикстан Жибек Жолу университеттеринин Альянсына кирди - ИА Караван Инфо
Тажикстан Жибек Жолу университеттеринин Альянсына кирди

Тажикстандын Улуттук илимдер академиясы Жибек Жолу университеттеринин Альянсына кирди. Келишимге Кытайдагы эл аралык конференциянын алкагында кол коюлду.

Улуттук илимдер академиясынан билдиришкендей, Тажикстандын Жибек Жолу университеттеринин Альянсына кириши инновациялык технологиялар жана илимдер тармагындагы жаңы көрүнүш, глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө өбөлгө түзөт.

Бул макулдашуудан кийин Альянстын илимий кызматташтыгы кеңейип, көрүнүктүү таланттардын ачылышына салым кошот деп күтүлүүдө.

Жибек Жолу университеттеринин альянсы – бул жогорку билим берүү жаатында эл аралык кызматташуу максатында түзүлгөн уюм. Азыр анын мүчөлөрү 200 өлкөнүн 40тан ашуун кадыр-барктуу жогорку окуу жайлары бар.

Сүрөт: Улуттук илимдер академиясы

error: