Тогуз коргоол: Бишкектик спортчулар дүйнөлүк чемпионатта жети коло медаль утушту - ИА Караван Инфо
Тогуз коргоол: Бишкектик спортчулар дүйнөлүк чемпионатта жети коло медаль утушту

Бишкектик спортчулар дүйнөлүк чемпионатта жети коло медаль утушту, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-16-ноябрында Түркиянын Анкара шаарында тогуз коргоол жана мангала оюну боюнча VII Дүйнө Чемпионаты өттү.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Түркия, Украина, Латвия, Өзбекстан, Чехия, АКШ, Румыния, Грузия, Франция, Венгрия жана Испания сыяктуу 14 мамлекеттен 33 спортчу катышты.

Бишкек шаарынан чемпионатка 10 спортчудан турган курама команда катышып, жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшүп, бир нече номинацияда байгелүү орундарды ээлешти.

Бишкектик спортчулардын жыйынтыктары:
Классикалык формат (стандарт):
•Сыргак уулу Сырттан — III орун;
•Дуулатбеков Марлис — III орун;
•Асеева Адина — III орун;
•Жамансартова Азиза — III орун.

Рапид форматы:
•Жамакеев Анарбек — III орун;
•Абдрашитов Белек — III орун;
•Максатбек кызы Айтурган — III орун.

Чемпионат швейцариянын системасы менен өткөрүлүп, мелдеш кызыктуу жана жогорку деңгээлде өттү.

 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/