БРЮССЕЛЬ, 2026-жылдын 22-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Брюсселге расмий сапар менен келди. Бельгиянын борборундагы аэропортто анын урматына ардактуу кароол тизилди.

Казакстандын президентин Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев Европа Кеңешинин төрагасы Антонио Коста жана Европа Комиссиясынын төрагасы Урсула фон дер Ляйен менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Тараптар Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүктү жана кызматташтыкты чыңдоо келечегин талкуулашат. Жолугушуулардын жыйынтыгында бир катар маанилүү биргелешкен документтерге кол коюу пландаштырылууда.
Ошондой эле, мамлекет башчысы ири европалык компания жетекчилеринин катышуусундагы "Казакстан – Европа Биримдиги" аттуу тегерек столдо сөз сүйлөп, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Казакстандын президентинин Брюсселге расмий сапары 22-23-июнда Европа Кеңешинин төрагасы Антониу Костанын чакыруусу менен болот.
Сүрөт: akorda.kz(akorda.kz)
