Астана, 2026-жылдын 2-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны "ШКУ Плюс" форматында улантылды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекте өткөн ШКУ Плюс саммитинде сөз сүйлөп, Кыргызстандын төрагалыгын жогору баалады жана уюмдун Евразиядагы туруктуулук үчүн маанисин баса белгиледи.
«Бишкек саммитинин жыйынтыктары жалпы максаттарга жетүүгө жаңы дем берет жана ШКУну Евразия аймагындагы туруктуулуктун негизги тиректеринин бири катары бекемдейт», – деди Касым-Жомарт Токаев.

Мамлекет башчысы теңчилик, консенсус жана көп тараптуу кызматташтык принциптерин алга жылдырууга чакырды. Ал ШКУнун негизги принциптерин БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясында бекитүүнү сунуштады.
Президент БУУнун натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын өзгөчө белгилеп, сын-пикирлерге карабастан, бул уюмга альтернатива жок экенин билдирди.
«Бириккен Улуттар Уюму эл аралык системанын өзөгү, ал эми анын Уставы эл аралык укуктун универсалдуу пайдубалы бойдон калышы керек», – деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.

Ал алдын алуучу дипломатияны, жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүүнү жана суу коопсуздугун маанилүү багыттар катары белгиледи. Казакстан БУУнун колдоосу астында Эл аралык суу уюмун, ошондой эле ШКУнун суу ресурстарын талдоо борборун түзүүнү сунуштады.

Президент ошондой эле эл аралык диалогду чыңдоодо жоопкерчиликтүү орто державалардын ролун белгиледи.
«Биздин жалпы милдетибиз – тең укуктуу жана бөлүнгүс коопсуздук, эгемендүү теңдик жана өз ара урматтоо принциптерин бекемдөө», – деп жыйынтыктады Касым-Жомарт Токаев .
Сүрөт: Акорда
