Токаев ШКУнун алкагында коопсуздукту жана экономикалык кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштады
Астана, 2026-жылдын 2-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Бишкекте өткөн жыйынында сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысы акыркы 25 жылдын ичинде ШКУ "Шанхай бешилтигинен" Евразиянын олуттуу бөлүгүн камтыган ири эл аралык бирикмеге айланганын белгиледи.
«ШКУ аскердик-саясий блоктордун логикасынан тышкары иштейт жана эч бир мамлекетке каршы багытталган эмес. Ал «Шанхай рухуна» — прогресс үчүн биргелешкен иш-аракетке негизделген », — деди Касым-Жомарт Токаев.
Президент коопсуздук чөйрөсүндө ишенимди жана кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи. Ал ШКУ өлкөлөрү терроризмге, экстремизмге, сепаратизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, трансулуттук кылмыштуулукка жана киберкоркунучтарга активдүү каршы туруш керек деп билдирди.
Токаев экономикага өзгөчө басым жасады. Ал соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнү, өнөр жай консорциумдарын жана чек ара соода зоналарын түзүүнү сунуштады. Казакстан ошондой эле ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнү колдоп, анын штаб-квартирасын өлкөдө жайгаштырууга даяр экенин билдирди.
Мамлекет башчысы транспорттук каттамдарды өнүктүрүүнү дагы бир артыкчылыктуу багыт катары атады. Казакстан ШКУ үчүн Бирдиктүү санариптик транзиттик платформа түзүүнү жана 2035-жылга чейин транспорттук өз ара байланыш стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады.
Токаев жасалма интеллект маселесине өзгөчө токтолду. Ал ШКУнун колдоосу астында университеттерди, изилдөө уюмдарын жана технологиялык компанияларды камтыган жасалма интеллект борборлорунун тармагын түзүүнү сунуштады.
«Казакстан ШКУнун алкагындагы көп кырдуу өнөктөштүктү сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр», – деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев .