Токтогул ГЭСнин №1-гидроагрегаты ишке кирди - ИА Караван Инфо
Токтогул ГЭСнин №1-гидроагрегаты ишке кирди

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул ГЭСнин №1-гидроагрегатын ишке киргизүү иш-чарасына катышты. Токтогул ГЭСтин №1-гидроагрегатынын реконструкциялоо иши ийгиликтүү аяктап, кошумча 60 МВт кубаттуулук менен ишке кирди.

Токтогул ГЭСтин №1-гидроагрегатын реконструкциялоо иши 2024-жылдын март айында башталган. Реконструкция жана жаңылоо долбоорун «GE Hydro» компаниясы ишке ашырды.

Реконструкциялоо менен 60 МВт кубаттуулук кошумча кошулду. 

Министр гидроагрегатты реконструкциялоо оңой иш эмес экенин баса белгилеп, энергетиктердин мындан аркы ишине ийгилик каалады.  

Токтогул ГЭСи – Нарын дарысындагы эң ири гидроэлектростанция, Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында жайгашкан. Суу сактагычынын көлөмү 19.5 млрд.м3, мурда (реконструкцияга чейин) кубаттуулугу 1200 МВтты түзүп, ар бири гидроагрегаттын кубаттуулугу 300 МВттан болгон төрт агрегат турган. 

Эске салсак буга чейин станциянын эки гидроагрегаты жаңыланып, ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 120 МВт кошулган. Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСде 1-ГА реабилитациялоодон өтүп, дагы 60 МВт кошулду. Жалпысынан Токтогул ГЭСтин 3 ГАсы реконструкцияланып 180 МВТ кошулду.  Алдыга коюлган панга ылайык тортунчу ГАны реконструкциялоо иши 2025-жылы башталат. Модернизациялоо долбоору аяктаса ГЭСке жалпы 240 МВт кубаттуулук кошулуп, ГЭСтин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: