Токтогул ГЭСнин №3 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө – ИА Караван Инфо
Токтогул ГЭСнин №3 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

«Электр станциялар» ААКна караштуу Токтогул ГЭСнин №3 гидроагрегатын алмаштыруу иштеринин башталганына 13 күн болду, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, бул аралыкта жумушчу топ пландын негизинде, графикке ылайык өз ишин так аткарууда.

Гидроагрегат 2025-жылдын 20-февралында эксплуатациядан чыгарылып, жабдуулардын негизги түйүндөрүн демонтаждоо жана модернизациялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Келишимдин негизинде реконструкция жана жаңылоо долбоорун Францинын «GE Hydro» компаниясы ишке ашырууда.

Азыркы учурда негизги демонтаждоо иштери аяктады. Генератордун жана турбинанын тетиктери алынып, муздатуу жана май менен камсыздоо системалары ажыратылды.

Буга катар көмөкчү системаларды модернизациялоо иштери жүрүп жатат:

* Түтүктөрдү алмаштыруу жана ширетүү иштери жүргүзүлүүдө;

* Электр жабдуулары жаңыланып, жаңы кабелдик лотоктор орнотулууда;

* Демонтаждалган элементтер диагностика жана алмаштыруу үчүн кампага жөнөтүлөт.

Реконструкция иштери аяктагандан кийин «Токтогул» ГЭСнин кубаттуулугу дагы 60 МВтка көбөйөт. ТГЭСтин бардык 4 гидроагрегатын алмаштыруу менен реконструкция долбоору толугу менен аяктап, 2025-жылы станциянын кубаттуулугу 1440 МВт түзөт. Кошумча 240 МВТ кубаттуулук кошулат.

Булак: https://caravan-info.kg/

error: