Күн мурун, 27-октябрда транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматынан.
Анын алкагында Сыргабаев «Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автожолун реконструкциялоо» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышып, 4-5-чакырым аралыгындагы темир жол менен унаа жолдун кесилишинде салынып жаткан өтмөктүн курулушунун жүрүшүн текшерди. Жумуш иштери аяктоо алдында турат.
Министр саатына 240 жана 180 тонна асфальт-бетон чыгарган заводдордун ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бүгүнкү күндө заводдор аталган унаа жолдун 0-71-чакырымдар аралыгына асфальт-бетон чыгарууда.
Андан соң, министр көпүрөлөрдүн курулуштарынан кабар алды.
Азыркы тапта Балыкчы –Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 17-чакырымында көпүрө салуу жумуштары 70 пайыз аяктаганы маалым болду. Ошондой эле аталган жолдун 56-чакырымына узуну 6, туурасы 3 метр көпүрө салуу мерчемделүүдө.
Ведомство жетекчиси Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 38- 71-99- чакырымдарындагы асфальт басуу иштерин барып көрдү.
Министр тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, эскертүү берүү менен жумушту тездетүүнү тапшырды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
