Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр экономиканы жана өндүрүштү өнүктүрүү үчүн санариптик технологиялар активдүү ишке киргизүүнү биргелешип баштоосу керек. Бул тууралуу Москва шаарында өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ошондой эле Акылбек Жапаров, маанилүү маселе – соода-экономикалык архитектураны жаңылоо зарыл.
“Санариптик валютага, блокчейн технологиясына жана финансылык технологиялардын кеңири өнүгүшүнө өсүп жаткан суроо-талап соода-экономикалык архитектураны модернизациялоо жана биздин ортобузда да, дүйнөлүк түштүк өлкөлөрү менен да өз ара эсептешүүлөрдүн натыйжалуу системасын түзүү зарылдыгын талап кылууда. Ошону менен бирге, стратегиялык планда мамлекеттик кызматтарды коммерциялык кызматтар менен улуттук деңгээлде интеграциялоодон тышкары, Биримдиктин алкагында биз кардарларды жана кызмат көрсөтүүчүлөрдү идентификациялоо үчүн экосистемалардын интеграциясын, анын ичинде биометрикалык маалыматтарды жана санариптик маалыматты колдонууну камсыз кылышыбыз керек. Трансчек аралык финансылык өз ара аракеттенүүнү модернизациялоо бизге соода агымын сактоого жана андан ары көбөйтүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин акча которууларын кыйла жеңилдетет”, – деди ал.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
