Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Үй-бүлө кодексине, «Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамга)» мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири, депутат Мирлан Самыйкожо тааныштырды. Ал белгилегендей, бул өзгөртүүлөрдүн негизги максаты кыргыз салттарына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайык фамилияларды тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.
Мыйзам долбоорунда фамилияларды жана атасынын аттарын жазуунун төмөнкү варианттарын кошуу сунушталат:
– чоң атасынын аты боюнча жазылганда чоң атасынын атына мүчө уланбастан ата-энесинин каалоосу менен атасынын атынан кийин эркек жынысындагы балдар үчүн «уулу» деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн «кызы» деген сөз жазылат;
– чоң атасынын атына «теги» деген сөз ажыратылбай чогуу жазылганда, ата-энесинин каалоосу менен атасынын атынан кийин эркек жынысындагы балдар үчүн «уулу» деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн «кызы» деген сөз жазылат;
– чоң атасынын атына «теги» деген сөз ажыратылбай чогуу жазылганда, ата-энесинин каалоосу менен эркек жынысындагы балдар үчүн илик жөндөмөсүнүн мүчөсү (дын/тын, дин/тин, дүн/түн ж.б.) жана аял жынысындагы балдар үчүн чыгыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (дан/тан, ден/тен, дөн/төн ж.б.) атасынын атына уланып чогуу жазылат;».
Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоору фамилия жана атасынын атын жазуунун азыркы вариантын жокко чыгарбай, фамилиясын жана атасынын атын жазууну тандоого кошумча мүмкүнчүлүк гана берерин баса белгиледи.
Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутат Бактыбек Сыдыков аты-жөндөрүн жазууда эл аралык стандарттарды тактады. Депутат Арсланбек Малиев азыр фамилияда колдонулуп жүргөн «тегин» сөзүн алып салуу тууралуу тактоочу суроолорду берди.
Ал эми депутаттар Дастанбек Жумабеков жана Камила Талиева мыйзам долбооруна «теги» түшүнүгүн киргизүүнү сунушташты. Депутаттар Исхак Масалиев жана Надира Нарматова аты-жөнү өзгөргөн учурда документтерди алмаштыруу зарылдыгын такташты. Буга Мирлан Самыйкожо жаранга фамилиясын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк берилерин, анын негизинде паспорттон башка документтерди алмаштыруунун зарылдыгы жок экенин билдирди. Депутат Марат Мураталиев фамилияларды жазуунун макулдашылган бирдиктүү вариантын иштеп чыгууну сунуштады.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
