Туура эмес жерде жарнама үчүн 1000 сом айып салынат - ИА Караван Инфо
Туура эмес жерде жарнама үчүн 1000 сом айып салынат

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы жарандарга жана уюмдарга белгиленбеген жерлерге жарнама жарыяларын чаптоого тыюу салынгандыгын эскертет.

Жарнамага арналбаган тосмолорго, имараттардын дубалдарына,  аялдамаларга, жарык берүүчү таянычтарга жана бак-дарактарга маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштырууга тыюу салынат.

Мындай тартип бузуулар аныкталган учурда тартип бузуучуларга КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 3-беренесинин 107-бөлүгүнө ылайык айып пул салынат. Айып пулдун өлчөмү жеке жактар үчүн 1 000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5 000 сом.

Бишкек шаарынын аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу  эрежелерин жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды сактоону өтүнөбүз.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: