Астана, 2026-жылдын 5-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астанада Тынчтык кеңешинин улук кеңешчиси Арье Лайтстоунду кабыл алды. Жолугушууда эки тарап Казакстандын уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуусу жана эл аралык коопсуздукту чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Казакстандын жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон берилгендигин баса белгилеп, Тынчтык кеңешинин негиздөөчүсү катары өлкө бул институттун глобалдык туруктуулукту чыңдоодогу натыйжалуулугуна ишенерин белгиледи. Казакстандын Газа тилкесиндеги кырдаалды турукташтыруу боюнча гуманитардык демилгелерине, анын ичинде социалдык инфраструктураны калыбына келтирүүгө, билим берүү, саламаттыкты сактоо жаатындагы долбоорлорго жана азык-түлүк коопсуздугун колдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Ари Лайтстоун АКШнын президенти Дональд Трамптын жылуу саламын Касым-Жомарт Токаевге жеткирип, Казакстан элин Улуттук символдор күнү менен куттуктады. Уюмдун өкүлү өлкөнүн Авраам келишимдерине кошулуу чечимин жогору баалады. Эки тарап ошондой эле транспорт жана логистика жаатындагы өнөктөштүктү талкуулап, эл аралык каттамдарды диверсификациялоо үчүн Ортоңку коридорду өнүктүрүүгө басым жасады.
Сүрөт : Акорда
