Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына карата Казы Дикамбаевдин бюстуна гүлчамбар коюлду - ИА Караван Инфо
Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына карата Казы Дикамбаевдин бюстуна гүлчамбар коюлду

2024-жылдын 22-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Дипломатия кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргызстандын мамлекеттик ишмерлеринин аллеясында белгилүү мамлекеттик ишмер, Кыргыз ССРинин биринчи Элдик Комиссары Казы Дикамбаевдин бюстуна гүлчамбар коюу салтанаты өттү.

Гүлчамбар коюу салтанатына Министр Ж.М.Кулубаевдин жетекчилигиндеги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери катышты.

Маалымат үчүн: Белгилүү мамлекеттик ишмер Казы Дикамбаевдин бюсту 2022-жылдын 4-ноябрында Бишкектеги Мамлекеттик ишмерлер аллеясында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жетекчилигинде салтанаттуу түрдө ачылган.

Бюсттун автору – белгилүү скульптор Ажыев Саадабек Ботобекович.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: