Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйроого учураган азербайжандык жүргүнчү учагынын кесепетинен жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафаровага, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володинге, ошондой эле Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановго көңүл айтты.
Жалпы Жогорку Кеңештин атынан кесиптештерине жөнөткөн телеграммаларында учак кырсыгына байланышкан кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын белгилеген төрага Нурланбек Шакиев каза болгондордун жакындарына да көңүл айтып, жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектештигин билдирген.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
