Уюлдук телефондун кубаттагычын электр тогунда калтырбаңыз! ӨКМдин кеп-кеңеши – ИА Караван Инфо
Уюлдук телефондун кубаттагычын электр тогунда калтырбаңыз! ӨКМдин кеп-кеңеши

Кадимки уюлдук телефонуңуздун кубаттагычы өрттүн келип чыгышына алып келиши толук мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир катар кеп-кеңештерди берип, төмөндөгү жөнөкөй эрежелерди так сактоого чакырат:

– Уюлдук телефондун кубаттагычын токко сайган бойдон калтырбаңыз. Эсиңизде болсун, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам электр кубаты кескин жогорулап кетиши мүмкүн. Бул кубаттагыч ысып, түтөп өрттөнүшүнө алып келет;

– Заманбап телефон кубаттагычы өрткө каршы системасы менен жабдылган. Бирок убакыттын өтүшү менен анын ички тетиктери эскирет. Өзгөчө арзан баадагы жана үч жылдан ашык пайдаланылган кубаттагыч буюмдар өрт кырсыгына кептейт;

– Кубаттагыч ысып кеткенин байкасаңыз, аны алмаштырганыңыз оң;

– Кубаттагычты, телефонду, планшеттерди күндүн нуру түз тийген жерге коюуга болбойт;

– Телефонду токко сайып алып көпкө сүйлөшүүгө, оюн ойноого, кино, видео көрүүгө болбойт;

– Кубаттагычты электр тогуна сайганда кароосуз калтырбаңыз. Айрыкча кичинекей балдардын колу жетпегендей болушу керек жана анын чубалгысы менен ойноосуна жол бербеңиз;

Электр чыңалуусунун кубаттуулугу катуу шамал, бороон болгондо, жаан жааганда, чагылган түшкөндө көп болот. Бул кезде бардык үй-тирчилик буюмдарын электр тогунан ажыратып коюу ишенимдүү.

– Күнүмдүк турмушта колдонулган электр түйүнүндөгү токтун чыңалуусу эң сапаттуу тиричилик буюмдарын бузушу толук мүмкүн.

error: