Улуттук банк эски үлгүдөгү доллар жүгүртүүдөн чыгарылды деген маалыматты четке какты - ИА Караван Инфо
Улуттук банк эски үлгүдөгү доллар жүгүртүүдөн чыгарылды деген маалыматты четке какты

Кыргызстандын Улуттук банкы эски үлгүдөгү доллар жүгүртүүдөн чыгарылды деген маалыматты четке какты.

Өлкөнүн башкы банкынын маалыматына таянсак, КР УБнын дарегине жарандардан билдирүүлөр түшүп, Улуттук банк тарабынан “ак” доллар колдонуудан чыгарылды, буга байланыштуу коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайлар бул валютаны кабыл албайт, деген маалымат тараган.

Буга байланыштуу, Улуттук банк расмий түрдө бул маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет. Тагыраагы, Улуттук банк башка өлкөлөрдүн валюталарын, бул учурда АКШ долларларын жүгүртүүдөн алууга укуктуу эмес.

Белгилей кетсек, эл арасында “ак” доллар деп 1996-2006-жылдары чыгарылган АКШ долларын аташат, анткени алар агыш түс менен айырмаланат.

Ошондой эле, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобонун 14-пунктуна ылайык, чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда банктар жана акча алмаштыруу бюролору кандайдыр бир чектөөлөрдү жана төлөм каражаты статусун жогото элек акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок (Кененирээк маалымат Жободо камтылган).

Эгерде Сиз валютаны алмаштыруудан негизсиз баш тартууга туш болсоңуз, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын алкагында тиешелүү чараларды көрүү үчүн Улуттук банкка жазуу жүзүндө кайрылсаңыз болот.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: