Коммерциялык банктар жана алмашуу бюролору эски үлгүдөгү долларларды кабыл алуудан баш тартууга укугу жок, деп билдирет Кыргызстандын Улуттук банкты.
Көптөгөн жарандар айрым коммерциялык банктар жана алмашуу бюролору эски үлгүдөгү АКШ долларын («ак» доллар деп аталып келет) кабыл алуудан баш тартып жаткандыгы тууралуу маселе менен кайрылгандыктан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүнү билдирет.
«Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык, чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда банктар жана алмашуу бюролору төлөм каражаты статусун жогото элек акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша кандайдыр бир чектөөлөрдү жана ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок (кеңири маалымат Жободо камтылган).
Эгерде сиз валютаны алмаштыруудан негизсиз баш тартуу жагдайына туш болсоңуз, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн Улуттук банкка кайрылсаңыз болот. Байланыш телефондору: +996 (312) 61 04 86, +996 (312) 31 29 48, mail@nbkr.kg, WhatsApp каналы: 0501 89 00 00.
Белгилей кетсек, «ак» доллар деп 1996-2006-жылдар аралыгында чыгарылган АКШ доллары аталат, алар ачыгыраак түсү менен айырмаланат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
