Бишкек, 2026-жылдын 3-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргызстандын Улуттук банкы 3-августта "Тарыхый окуялар" сериясынан "Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын 35 жылдыгы" аттуу алтын коллекциялык тыйынды жүгүртүүгө чыгарат.
Монета 31-августта белгиленүүчү жана өлкөнүн негизги улуттук майрамы болгон, кыргыз элинин эркиндигин, эгемендүүлүгүн жана улуттук биримдигин символдоштурган Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган.
Коллекциялык монета Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
Ар бир монета акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен өзүнчө кутуга салынат.
Алтын коллекциялык тыйын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын борбордук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кассаларында жуманын иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин сатылат. Тыйындын баасы 99 460 сомду түзөт.
