Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаңы борборлоштурулган тез медициналык жардам бөлүмү ачылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салтанаттуу иш-чара министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов, Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана башкармалыгынын төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Альшая, Улуттук госпиталдын жамааты жана башка коноктордун катышуусунда өттү.
“Ас-Сафа Центр” коомдук бирикмесинин колдоосу менен ал жерде бардык зарыл болгон курулуш жана оңдоо иштери жүргүзүлүп, бейтаптарды кабыл алууга жана медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Жаңы борбор Улуттук госпиталдын негизги тез жардам кызматтарын бир чатырдын астында бириктирет, бул медициналык адистердин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга жана оор кырдаалдарда жардам көрсөтүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет.
Бөлүмгө төмөнкүлөр кирет:
Медициналык жардамды эң жогорку деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүндүк берген заманбап жабдылган операциялык жана реанимация блокторго өзгөчө көңүл бурулду.
Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов Кыргызстандын медициналык инфраструктурасын өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн Кувейт кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылык билдирди.
“Акыркы 3 жылда оорукананын тез жардам бөлүмдөрүндө оорулуулардын көбөйүшү жаңы борбордун зарылдыгын тастыктайт. Тез жардамды борборлоштуруу ар башка имараттар менен байланышкан мурунку логистикалык татаалдыктарды жок кылат, убакытты үнөмдөйт жана бейтаптарды тейлөөнү жакшыртат. Азыр бардык тез жардам бөлүмдөрү бир жерге топтолду, бул медициналык кызмат көрсөтүү процессин оптималдаштырууга жана алардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга шарт түзөт”, – дейт Бакыт Төлөгөнов.