Улуттук госпиталда биринчи кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, эки бейтапка ийгиликтүү операция жасалып, абалы туруктуу.
“Бул операциялар кулак, мурун жана тамак ооруларын дарылоо үчүн заманбап медициналык жабдууларды сатып алууну уюштурган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгесинин аркасында мүмкүн болду”, — деп айтылат маалыматта.
Операцияларды жүргүзүү жана ата мекендик адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн Кыргызстанга литвалык отоларинголог жана кохлеардык имплантация тармагындагы эксперт Гедриус Гилис чакырылган.
Ал кыргызстандык хирургдар менен биргелешкен операцияларды жасап, мастер-класс өткөрүп, жергиликтүү адистерге заманбап техникалар жаатында тажрыйбасы менен бөлүштү.
Улуттук госпиталдын ЛОР бөлүмүндө жогорку технологиялык операцияларды жүргүзүү үчүн угууну диагностикалоочу аудиометр, угуу функциясын өлчөө үчүн импеданстык аудиометри, Риноскопиялык комплекс, ЛОР микроскобу сатылып алынган. Сатып алуунун жалпы суммасы 15 миллион ашык сомду түздү.
Жаңы жабдуулар кохлеардык имплант коюу операцияларын жасоо үчүн гана эмес, башка татаал ЛОР ооруларын дарылоодо да колдонулат. Ал эми мындай операциялар келечекте дагы өсө берет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
