Бишкек, 2026-жылдын 22-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында Венгрия тарабынан белекке берилген китептерди тапшыруу аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары А.Ш.Мадаминов, Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин убактылуу өкүлү Андрей Букай, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин директорунун орун басары Абдилашим уулу А., ошондой эле Асел Калканова катышып, алардын жардамы менен китептер Кыргызстанга жеткирилип, музейге өткөрүлүп берилди.
Белек катары берилген басылмалар Улуттук тарых музейинин китепкана фондун кеңейтип, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, маданий байланыштарды кеңейтүүгө жана кыргыз-венгр кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошот.
Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, маданият, илим жана билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн мындай демилгелердин маанисин баса белгилешти.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги
