X Азиялык дүйнөлүк кинофестивалында “Кыргыз кино күнү” өтөт - ИА Караван Инфо
X Азиялык дүйнөлүк кинофестивалында “Кыргыз кино күнү” өтөт

2024-жылдын 19-ноябрында (КР убактысы менен 20-ноябрда)  Лос-Анджелесте X Азиялык дүйнөлүк кинофестивалынын (Asian World Film Festival) алкагында “Кыргыз киносу күнү” өтөт. Т.Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын колдоосу менен  уюштурулуп жаткан иш-чара Голливуддогу белгилүү Culver Theater театрында өтөт.

Бул күнү көрүүчүлөр кыргыз кинематографисттери тарабынан тартылган эки мыкты фильмди көрө алышат: Кыргызфильмде тартылган режиссер Дастан Жапара Рыскелдинин “Качкын”  тасмасы жана Кыргызстандан «Оскар» сыйлыгына талапкер болуп жаткан “Бейиш эненин таманынын алдында” аттуу режиссер Руслан Акундун фильми.

Ошондой эле “Качкын”тасмасы фестивалдын башкы “Азиялык көрүү” (Asian Vision) программасына кирип, “Эң мыкты фильм” номинациясында сыйлыкка талапкер болууда.

Бул күн кыргыз киносуна жана маданиятына болгон кызыгуунун өсүп жатканын көрсөтөт. Мындан тышкары, иш-чара улуттук киноискусствону өнүктүрүүнүн жетишкендиктери жана келечеги боюнча талкуу өткөрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт. Фестиваль 50дөн ашык өлкөнүн кино өнөрпоздорун жана көрүүчүлөрүн чогултуп, Азиянын кинематографиясын дүйнө жүзүндө таанытуу үчүн маанилүү аянтчада болуп саналат.

Asian World Film Festival  2015-жылдан бери өткөрүлүп келет жана Азия менен дүйнө кинематографиясынын ортосундагы мамилени чыңдоодо чоң роль ойнойт. 2024-жылы 13-ноябрда башталган фестиваль 13-ноябрда 21-ноябрда аяктайт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: