Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын Ысык-Ата РЭТинин административдик имаратыныначылыш аземине катышты.
Ысык-Ата РЭТинин эки кабаттуу жаңы заманбап имараты 280 чарчы метрди түзүп, ичиндебардык талапка жооп берген шарттар түзүлгөн. Административдик имарат жалпы 21 млн сом акча каражатына, 6 ай ичинде курулуп бүткөн. Мекемеде мыкты шарттардын түзүлүшү менен райондогу керектөөчүлөрдү тейлөө сапаты да жогорулайт.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Ата РЭТинин жаңы имаратын ачып жатып, акыркыүч жылда энергетиктер үчүн жүргүзүлүп жатканшарт, алардын ишинин алдыга жүрүшүнө шарттүзөөрүн баса белгиледи.
«Урматтуу бүгүнкү иш-чаранын катышуучулдары! Бүгүн биз энергетика тармагындагы дагы бир жаңы имаратты пайдаланууга бергени жатабыз. Бул дагыбиз үчүн быйылкы жылдагы жетишкендик десекболот. Алты ай мурун эски имрататта иш алып барган энергетиктер, эми бүгүндөн тарта баардык шарты бар, жаңы имаратта иштеп башташат. Энергетиктерге жакшы шарт түзүп берсек, ар бирүйдө үзгүлтүксүз электр энергиясы болот. Андыктан кесиптештер жаңы имратыңар кут болсун. Келе жаткан 22-декабрь кесиптикмайрамыңар жана энергетиктердин 90 жылдыгыменен куттуктайм!», – деди министр Т.Ибраев.
Эске салсак, Ысык-Ата РЭТинин административдик кеңсеси 1986-жылы курулган. Буга чейинки имараттын эскилиги жетип, жаңы имаратка муктаждык күч болуп келген. Учурда Ысык-Ата району боюнча 14 812 абонент бар, аныничинен 944 өнөр жай жана 13 868 турмуш-тиричилик абоненттери.
Салтанаттуу ачылыш аземине энергетика министри Таалайбек Ибраев, район башчысыОмошев Эрмекбай, ардагерлер, жергиликтүүтургундар жана энергетиктер катышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
