Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндөгү” Жарлыгын коомчулукка кеңири жеткирүү максатында, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан укук коргоо жана контролдоочу органдардын жетекчилери, JIA бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү жана жеке ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.
Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндөгү” Жобонун талаптары түшүндүрүлдү. Ошондой эле, менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу, экономиканын туруктуу өсүшүнө дем берүү, мамлекеттин ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоо, инвесторлордун ишенимин жогорулатуу жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү маселелери каралды.
Иш-чаранын жыйынтыгында, бардык тараптар экономикалык ишмердүүлүктү колдоо, ишкерлердин укуктарын коргоо жана мыйзамдардын так аткарылышына биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо зарылдыгы белгиленди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
