Ысык-Көлдө суу мотоциклга тыюу салган мыйзам биринчи окууда кабыл алынды - ИА Караван Инфо
Ысык-Көлдө суу мотоциклга тыюу салган мыйзам биринчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Эльдар Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, Нуржигит Кадырбеков, Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев.

Демилгечилердин бири Эльдар Сулайманов белгилегендей, сунушталып жаткан мыйзам долбоору Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл) -ички күйүүнүн туруктуу кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар жогорку ылдамдыктагы персоналдык суу транспорт каражатын пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыкты.

Эльдар Сулайманов мыйзам долбоорун демилгелөөнүн себеби, акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл) катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылып жатканы түрткү болгонун билдирди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: