Ысык-Көлдө жер титирөө каттадды - ИА Караван Инфо
Ысык-Көлдө жер титирөө каттадды

Ысык-Көлдө жер титиреди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 05:31де Кытай Эл Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 2,5 баллга (Бедел айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта, Кумтөр ишканасынан 70 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 125 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/