Өзүн прокуратура кызматкери катары көрсөтүп, алдамчылык менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгына А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Акылбек Султанов аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Арыз ээсинин айтымында, аталган жаран өзүн Аскер прокуратурасынын 4-бөлүмүнүн башчысы катары тааныштырып, анын ишениминен кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ушул сыяктуу фактылар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана соттолгон Ш.А.Т. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КР Аскер прокуратурасы жогорудагы адам тарабынан алданган учурлар болсо, Бишкек шаары, Токтоналиев көч., 2/1 дареги боюнча КР Аскердик прокуратурасынын Тергөө башкармалыгына кайрылууну өтүнөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
