Өзбекстандын президентинин жарлыгы менен белгиленген лимиттен ашкан учурда электр энергиясы жана газ үчүн кошумча төлөмдөрдүн көлөмүн бир топ кыскартуу каралган. Бул өзгөртүүлөр үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына чейин күчүнө кириши керек.

Жарлыкка ылайык, лимиттен ашык керектелген энергия ресурстары үчүн кошумча төлөмдүн өлчөмү 10 эседен кем эмес кыскартылат. Мындай чечим президент Шавкат Мирзиёев менен ишкерлердин Нукустагы диалогунан кийин кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин 31-майдагы токтому менен бекитилген Электр энергиясын жана газды пайдалануунун жаңы эрежелеринде юридикалык жактар келишимде белгиленген лимиттен 10% ашык электр энергиясын керектөөдө эки эселенген тарифти төлөөгө милдеттүү. Президент мындай практика ишкерлердин нааразычылыгын жаратып, тармактын өсүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
Жаңы чараларга ылайык, ишкерлер лимиттен 20%га чейин ашса, базалык тарифти төлөөнү улантат. Эгер керектөө 20% ашса, электр энергиясы 20%га жогорулайт. Бул өзгөртүүлөр өкмөттүн жана президенттин келечектеги чечимдерине киргизилет.
Мындан тышкары ишканаларга электр энергиясы үчүн айына эки төлөм менен төлөө мүмкүнчүлүгү берилет. Ошондой эле, ишкана инкассалык буйруктар берилген күндө да, коммуналдык төлөмдөрдү төлөй алат.
Энергетика министрлиги тарифтерди өзгөртүү боюнча министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыгууда.
Сүрөт: Pixabay.com/ Nikiko