Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан үч постто ысык тамак уюштурулган
Бишкек – Ош унаа жолунун 133-чакырымындагы (Төө-Ашуу ашуусу) жол тыгыны жөнгө салынып, учурда унаалар эки тараптуу жүрүп баштады. Ошондой эле унаа жолдун боюнда туруп калган айрым оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө ӨКМдин куткаруучулары көмөктөшүүдө.
Ал эми “Сосновка”, “Арал” жана “Талды-Булак” өткөрмө жайларында унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алына элек жана аталган посттордо ысык тамак уюштурулган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
