Өзгөндө мектепте жылытуучу меш жарылып, бир адам жабыркады
Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында жайгашкан орто мектептеринин биринде жылытуучу түтүкчө (меш) жарылды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кырсык 20-ноябрда болжол менен саат 19:45те болгон.
Жарылуудан от жагып иштеп жүргөн 35 жаштагы К.Б. аттуу жаран жабыркаган.
“Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жетип барып, жабыр тарткан атуулду бетондун астынан сууруп чыгып, тез жардам кызматы келгенге чейин биринчи жардам көрсөтүп, аман сактап калышкан”, – деп айтылат билдирүүдө.
Учурда жабырлануучу дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Ал эми жарылуунун себебин аныктоо боюнча тийиштүү кызматтар тарабынан иш аракеттер көрүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
