Жаңы “Бишкек автобекети” штаттык режимде иштеп жатат - ИА Караван Инфо
Жаңы “Бишкек автобекети” штаттык режимде иштеп жатат

Жаңы “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы штаттык режимде ишин улантууда.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн баштап батыш автобекети, анын ичинде “Акжол” кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш жүргүзүлдү.

Буга чейин батыш автобекети жана “Акжол” кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар “Бишкек автобекети”муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөйт.

Белгилей кетсек, “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.
Учурда, шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болуш үчүн, батыш автобекетинен жана “Акжол” кичи автобекетинен “Бишкек автобекети”муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатат.

Урматтуу шаар тургундары жана меймандары! Жол жүрүүнү пландаган болсоңүз, чыгыш багындагы каттамдар Алмата 1/1 дарегинде жайгашкан “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен кетет. Батыш аймактарга кеткен каттамдар Фрунзе көчөсү, 209 (РИОМ Унаа базарынан кийин) дарегинен жөнөйт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: