Жаңы мамлекеттик гимн кеңири коомчулуктун катышуусунда жазылат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Төрага гимнди өзгөртүү маселеси мурдатан айтылып келгени менен эч ким ачык айтып чыкпаганын белгиледи.
“Айтыла турган айрым кептерге жана сындарга карабай өзгөртүү маселесин демилгелеп чыктым. Жакынкы аралыкта атайын жыйын өткөрүп, мамлекеттик гимнди өзгөртүү маселесин карайбыз. Жаңы гимн үчүн ачык, таза сынак өткөрөбүз. Каалагандар гимндин тексттин жазсын. Башкысы гимнибиз элибизди алдыга сүрөп, өлкөбүздү даңазалап турушу зарыл. Ырдап жаткан ар бир кыргыз жараны эли үчүн, жери үчүн бардыгына даяр экендигин сезиши керек”, – деди төрага. Тагыраагы, азыркы гимндин тексттинде кемчиликтер бар экенин айткан Төрага сөздөрдүн көпчүлүгү үчүнчү жак менен айтыларын мисал кылды.
Муну менен катар гимндин жаңы текстти жалпы интеллегенция өкүлдөрүнүн, чыгармачыл инсандардын, окумуштуулардын жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда каралып, тандаларын кошумчалады.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
