Жайыт жерди өзүнө менчиктештирип алган “Кадастрдын” жетекчисине кылмыш иши козголду - ИА Караван Инфо
Жайыт жерди өзүнө менчиктештирип алган “Кадастрдын” жетекчисине кылмыш иши козголду

Жайыт жерди өзүнө менчиктештирип алган “Кадастрдын” жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокутурадан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Аксы филиалынын жетекчиси жайыт жерди өзүнүн жеке менчигине бекитип алгандыгы аныкталды.

Алсак, Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн токтому менен 2,0 га жайыт жер аянты Т.М. аттуу жарандын жеке менчике бекитилип берилгендиги, ал эми Т.М. “Кадастр” Мамлекеттик мекемесинин Аксы филиалынын жетекчиси болуп туруп, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, 2022-жылы аталган жер аянтты мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоого алып, өзүнүн наамына мамлекеттик акт даярдатып алган. 

Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн УКМКнын Жалал-Абад облусундагы Башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: