Жалал-Абад облусунда 560 гильза алынды - ИА Караван Инфо
Жалал-Абад облусунда 560 гильза алынды

ИИМдин БМЖКККсы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан Куба аттуу адам Бишкек шаарынын аймагында жашаган «Бакыт» аттуу бир тууган агасына үй буюмдарынын арасына катып, ок-дарыларын жөнөтүүнү көздөп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

2024-жылдын 13-октябрында болжол менен саат 00:50 чамасында ИИМдин Тергөө кызматы менен биргеликте, жана КР ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинин колдоосунда “Бишкек-Кара-Балта” унаа жолунда, Бишкек шаарынын аймагында, ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, 1980-жылы туулган А.Э.О. аттуу жарандын башкаруусунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан Бишкек шаарын көздөй бараткан унааны тинтүү жүргүзүлгөн.     
     
Унааны кароодо үй буюмдарынын жана курулуш материалдарынын арасынан 28 таңгак ок-дарылар, алардын ар биринде 20 даана ок болгон, жалпы саны 560 даана ок жана бир даана граната алынган.

Эксперттик-криминалисттик кызматынын маалыматтык билдирүүсүнө ылайык: изилдөөгө берилген октор сайлуу ок атуучу куралдан, “Калашников” / АКМ, АКМ, “СКС”, “Сайга”, “Вепрь” автоматтарынан атуу үчүн арналган 7, 62х39 мм калибрдеги ок-дарылар болуп саналат.      
 
Кылмышка шектүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган С.уулу К. 1980-ж.т., жана 1976-ж.т. С. уулу Б., кармалып, Бишкек ШИИББнын УКЖ киргизилди.  

Учурда аталган факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: